У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талгат Алановдун артында 6 баласы жетим калды, ал болгону 38 жашта эле...


Маалымат булактары Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Алановдун каза болгондугун жазып чыгышты. Маалымат булактарына анын карындашы агасынын артында 6 баласы жетим калгандыгын айтып берди. 

«Анын алты баласы калды. Ал өзгөчө адам болчу. Мен дагы эле буга ишене албайм”, - деди тууганы.
 
Талгат Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында Талгат Аланов журналисттерге өзү иштеген мекемедеги коррупция тууралуу беш фактыны айтып чыккан.  Аланов «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да айткан.

Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын төгүндөшкөн. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин билдирген.

21-январда Талгат Алановду Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын беш аскер кызматкери сотко берип, Аланов алардын кадыр-баркына доо кетиргенин билдиришкен. Алар кесиптешинен сот аркылуу компенсация иретинде жалпысынан 500 миң сом талап кылышкан. Ал коррупцияны ачыктаган соң коркутуп-үркүтүүлөр байма-бай болуп тураарын айтып келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter