У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жакында Индиядан 8 тонна дары-дармек келет

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы брифингде билдирди. 
 
Өкмөт башчы өлкөдө дары-дармек тартыштыгы жаралып жатканын, дары-дармектердин таңкыстыктыгын чечүү үчүн жакын арада чет өлкөлөрдөн дарылар алынып келинерин айтты. 
 
«21-июлдан тартып чет өлкөдөн зарыл болгон дарылар алынып келе баштайт.  Шанхай-Бишкек каттамы менен Саламаттык сактоо министрлиги сатып алган 42 920 таңгакча эноксапарин жана 33 000 партия надропарин алынып келет. Жакынкы күндөрү Индиядан дагы 8 тонна келет. Ошондой эле 25 миң таңгакча гепарин, 10 миң флакон цефепим, 36 миң цефтазидим дарылары айдын аягында келиши күтүлүүдө», - деди Боронов.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter