У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: Азыртан эле дистанттык окууга даярдана бергиле…

 Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.
 
«Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды бекитилген Антикризистик Планга ылайык жүргүзүүдө. Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат. Ошондуктан министрлик мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди азыртан эле дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүнү сунуштайт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрөрү менен окуучулар реалдуу режимде окууга өтүшмөкчү», — деп айтылат маалыматта.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter