ЖРТ тапшырганга жетише албай калгандар үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берилди
- 04.07.2020, 17:04,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Айрым бүтүрүүчүлөр ар кандай себептер менен Жалпы республикалык тестке белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандыктан, кечиктирилген тест өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кечиктирилген тест тапшыруу 13-14-июлда Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.
Тестке каттоо (кайрадан каттоо) 6-10-июлда төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:- Бишкек шаарында — №24 мектеп-гимназиясында. Дареги: Тыныстанов көчөсү, 110
- Ош шаардык билим берүү башкармалыгында (Ош шаары, Сагынбек Супаналиев көчөсү, 308)
Кечиккен тестти 2020-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат.
Эгерде абитуриент 2020-жылы каттоодон өтүп, бирок ар кандай себептер менен тестке катыша албай калса жана анын катталган номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш.
Мындай абитуриенттер 3-форманы (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын жана өздүгүн күбөлөндүргөн документин милдеттүү түрдө алып келиши керек.
2020-жылы жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер кайра катыша албайт.