У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кадыр Маликов, теолог: «Оору-Кудайын сыноосу, ар бир сыноонун артында Жараткандын ырайымы, мээрими бар»

Учурдагы оор кырдаалда дүрбөлөӊгө алдырбай, сабырдуулук кылып, ооруну Кудайын сыноосу деп билип, ар бир сыноонун артында сөзсүз жакшылык болоруна ишеним артып, жандүйнөбүздү тазалап, күнөөлөрүбүз үчүн Жараткандан кечирим сурап, биз бул ооруну жеӊип, Жараткандын сыноосунан татыктуу өтөбүз деген үмүт отун жандырып, Кудайдын колдоосуна чоӊ ишеним артышыбыз керектигин айтып, белгилүү теолог, Аалымдар кеӊешинин мүчөсү Кадыр Маликов элди ишенимге чакырды. 

"Оору- Кудайдын адамдарга жөнөткөн кезектеги сыноолорунун бири. Ар бир сыноонун артында Жараткандын ырайымы, мээрими жана акылмандык, күнөөлөрдөн тазалануу бар. Ошондуктан, эч качан депрессияга түшпөӊүздөр, жакшылыктан үмүт үзбөӊүздөр. Себеби, Ыйык Куранда: «Чындыгында, сыноодон кийин жеӊилденүү келет. Жараткан өзүнүн кулдарына алар көтөрө албаган сыноолорун жөнөтпөйт», - деп жазылат. Оору менен адамдардын мээримдүүлүгү сыналат, сыноонун артынан сөзсүз жеӊилдик, жакшылык болот деген ишеним жүрөктө жашашы керек. Башкача айтканда, биз бул ооруну жеӊебиз деп тереӊ ишенип жана ал үчүн болгон аракетти жасашыбыз зарыл"-деди Маликов.
 
 

терпение во время испытаний

Опубликовано Кадыром Маликовым Четверг, 16 июля 2020 г.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter