Апам менен атам жаш кездеринде эле ажырым жолго түшкөндүктөн мен чоң атам менен чоң энемдин колунда өсүп калдым. Карындашым бар, ал апам менен кеткен. Атам ажырашкан соң көпкө жүрүп үйлөндү. Азыр үй-бүлөсү бар. Апам менен көп деле көрүшчү эмеспиз, азыр такыр эле катышпай калдым.
Себеби апам 60 жашка чыгаарында турмушка чыгып алды. Апамдан алыс өскөнгөбү, мурда эле анча жакын эмес элек, ал кабарды уккандан бери такыр эле катташпай калганбыз. Апамдын турмушка чыкканын жубайыма айткан жокмун, уялдым. Карындашым болсо апама тартып, жалгыз кыйналганын айтып, мени жаман көрөт.
Апамдын жакшынакай иши, шаарда өзүнүн батири бар. Эркек катары апамдын бул куракта турмушка чыкканын жактырган жокмун. Ушул жашка келгенче чыкпай жүрүп эми эмнеге чыкты десең?! Менин оор кабыл алаарымды билип эле апам айтпай жашырып жүргөн окшойт, турмушка чыкканын жакында эле билдим. Балким апамдыкы туурадыр, мен өз турмушум менен алекмин, карындашым өз жашоосунан бошобойт, жалгыз жашагандан көрө турмушка чыгып алайын десе керек.
Апамды багуу менин милдетим болчу, бирок апам мени менен жашагандан баш тартып койгон. Мен чоң атамдын эле уулу болуп, ошол үйдү ээлеп калдым. Ал үйгө туугандардын баары келишет, атам да келип турат. Атам менен апамдын ажырашкандарына ачуум келет, алар чогуу жашаганда мынчалык кыйналмак эмеспиз, карындашым да, апам да жанымда болмок. Башым маң, кантип апамды жаныма алам?
(Редакцияга келген купуя каттардан)