У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы прокуратура: "Президенттин жана башка жогорку кызматтагылардын үстүнөн арыз түштү"


Президент Сооронбай Жээнбековдун жана бир катар жогорку кызматтагы адамдарын үстүнөн өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал үчүн жоопко тартуу жөнүндө арыз туштү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
 
"13-июлда жаран Раушан Айткуловадан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду жана башка жогорку кызматтагы чиновниктерди өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана күнүгө катталып жаткан  өлүмдөр боюнча жоопко тартуу тууралуу арыз түшкөн. Билдирүү прокуратуранын жалпы бөлүмүндө катталган", - деп билдирет "Интерфакс" башкы көзөмөл органы.
 
Буга чейин Раушан Айткулова социалдык тармакта Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынын учурунда көзөмөлсүз кырдаал үчүн президент жана бир катар жетекчилер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп жазган. Ошондой эле ал импичмент жарыялоо үчүн кол топтой баштады. Президенттик администрация бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter