У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Япония Кыргызстанга 500 млн. иен кайтарымсыз жардам көрсөтөт

Япония социалдык-өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанга 500 млн. иен (4,6 млн. доллар) медициналык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги билдирген.
 
Келишимге Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева 14-июлда кол койду.   
 
Кыргыз медицинасына бериле турган кайтарымсыз жардамды Япония өкмөтү медициналык жабдуу иретинде берүүнү чечкен.
 
Маалыматка ылайык, Япониядан келе турган жардамда КТ-аппараты жана магниттик-резонанстык томография (МРТ) аппараттары бар. Бул жабдуулар коронавирус менен ооругандарды дарылап жаткан медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter