Өлкө боюнча 127 медкызматкер вирус жуктуруп алды
- 12.07.2020, 11:15,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 127 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 12-июлда республикалык штабдан билдирди.
• Бишкек шаары– 51
• Чүй облусунда – 44
• Ош шаарында– 12
• Ош облусунда – 4
• Баткен облусунда – 7
• Ысык-Көл облусунда – 5
• Талас облусунда – 3
• Жалал-Абад облусунда – 1
Акыркы бир суткада стационарлардан 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1656 учур катталды, алардын ичинен 552 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.