14-июлда 421 адамдан вирус табылды,109 бейтап айыкты
- 14.07.2020, 10:09,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы маалымат боюнча өлкөдө дагы 421 адамдан коронавирус аныкталган, 109 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 176;
Чүй облусу - 87;
Ош шаары - 58;
Ош облусу - 6;
Жалал-Абад облусу -40;
Баткен облусу -21;
Ысык-Көл облусу -31;
Нарын облусу -1;
Талас облусу -1.
Жалпысынан өлкө боюнча 11 538 адамдан вирус табылды, анын ичинен 4995 бейтап айыкты.