У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тойлор токтогондон бери үй-бүлөмдү бага албай калдым


Кудайдын башка салганын көрбөскө аргабыз жок. Биз эле эмес, бүткүл дүйнө эли кыйын абалга кептелип турат. Тилди тишке катып жашагандан бөлөк жол жок. Тойлор көп болуп турганы баарыбызга эле жакшы болчу. Канчалаган ресторандар канча деген адамдарды иш менен камсыздап, эл бири-бирине жардам берип шайма-шай эле жашап жатпадык беле.

Анан эле ушул балекет баскан вирус чыгып, карантинге жабылдык. Күнүмдүк акчабызды таап иштеген мен сындуу жарандарга абдан оор болууда. Карантинде жатып ушунчалык кыйналдык, ырчы-чоорчулардын көмөгү менен андан чыкканбыз. Бирок өзүң иштеп тапкан акчадай болобу, кайрымдуулукка алган азык-түлүк ашып кетсе 1 жумага жетет. Ошентсе да жардамга кол сунгандарга ыраазымын. Эми ишке чыкканы жатсак мына минтип вирус күчөп таптакыр ачылбай калдык.

Азыр абалым оор. 3 балам бар, экөө мектепте окуйт, улуу кызым мени менен чогуу иштечү. Ал официант эле. Өзүм болсо Бишкектеги тойканалардын биринде жууп-тазалагыч болуп иштечүмүн. Тойлор көп болгону бизге жакшы болчу. Кожоюнубуз той болгон сайын акчабызга кошуп азык-түлүк да берип тураар эле. Азыр башка жактан иш издөөгө мүмкүн эмес экен. Мындан аркы тагдырыбыз кандай болоорун билбейм. Балдарымдын атасы кайтыш болуп калган. 2 балама атасы кайтыш болгондугуна байланыштуу мамлекет жөлөк пул бөлүп берген. Ал акчабыз батирдин акысынан араң ашат. Болушунча экономдоп күн көрүп жатабыз. Эртерээк эле тойлор башталып, эл баштагыдай жакшы турмушка кайтса экен...Той токтосун дебесеңер кагылайын элим! Той мен сындуу миңдеген адамдарды багып келген...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter