Казакстанда COVID-19 инфекциясынын курмандыктары эскерилип, аза күтүлүүдө
- 13.07.2020, 14:23,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 13-июлда дүйнөнү каптаган апаат вирустун курмандыгы болгон жалпы жарандар эскерилип, аза күтүлүп жатат.
Президент Касым-Жомарт Токаев жана башка аткаминерлер Акорда резиденциясынын алдында коронавирус пандемиясынан каза болгондорду эскерди. Ага мамлекеттик катчы Крымбек Кушербаев, президенттин администрациясынын жетекчиси Ерлан Кошанов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Асет Исекешев, президенттик канцеляриянын жетекчиси Нурлан Онжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой келди.