Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугу токтотулду
- 02.05.2020, 13:19,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сенаттын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотуу тууралуу буйрукка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Бул маалыматты Токаевдин администрациясы таратты. Анда президенттин буйругунан тышкары эч кандай маалымат айтылган эмес.
Казакстанды отуз жылдан ашуун башкарган президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева атасы мамлекет башчылыктан кеткенден кийин, 2019-жылдын 20-мартынан бери Казакстан парламентинде Сенаттын спикери кызматын ээлеген.