У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте күндүзгү стационарларда кезек күткөндөр азайды

Акыркы эки күндө Бишкек шаарында ачылган убактылуу стационарларда кезек күткөндөр азайганы байкалууда. Бул тууралуу 10-июлда Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө шаар аймагында 9 күндүзгү стационар ооругандары тейлеп жатат. Акыркы бир жумага жетпеген убакыттын ичинде күндүзгү стационарларда 11 миң 370 адам жардам алды. Коомдук фонддордун жана ишкерлердин жардамы менен дагы бир нечесин ачуу пландалууда. Адамдар топтолбошу үчүн айрым стационарлардын  кире беришинде электрондук кезек терминалдары орнотулду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter