Коронавирустун бар экенине ишенбей ооруканадан качып кеткен бейтап каза болду
- 09.07.2020, 13:53,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткенде ооруканадан качып кеткен 56 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнин пресс-кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум 2-июлда Бишкектен Баткенге барган. Анын анализинен вирус табылып, Баткен облустук бириккен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Ал 6-июлдан 7-июлга караган түнү ооруканадан качып кеткен. 8-июлда каза болуп калган.
Качып кеткенден кийин милиция кызматкерлери менен бирге дарыгерлер анын үйүнө барышкан. Ал коронавирус илдетинин бар экенине ишенбей турганын айтып, дарылануудан баш тарткан.
Булак: 24 кж