Көк-Жар айылынын тургуну ресторанын стационарга берди
- 08.07.2020, 15:04,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Учурдагы эпидемиологиялык оор абалды, ооругандарга орун жетпей жатканын көрүп четте карап тура албаган Көк-Жар айылынын тургуну Атыркүл Ибраимова «Даршан Холл» ресторанын стационарга берди.
Учурда ал жерде даярдыктар көрүлүп жатат. Көк-Жар айыл өкмөтү аталган ресторанга 50 орундук стационар ачуу үчүн орундуктарды жайгаштыра баштады. Эки-үч күндө стационар ачылып, бейтаптар ошол жерден жардам ала баштайт.