У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыздуу болдук. Жолдошум мурдагы сүйгөнүнүн атын коем деп жатат


Кыздуу болдук кудайга шүгүр. 3 уулдан кийинки төрөгөн алтын кызым. Жолдошум да кыздуу болгусу келчү. Абдан кубанып жүрөт. Уулдарым удаа төрөлүп, азыр чоңоюп калышты. Кызым бизге эрмек болот. Кубанычыма чек жок болуп турсам жолдошум кызымдын атын мурдагы сүйлөшкөн кызынын атынан коем деп жатат. 

Жолдошум экөөбүз кудалашып эле үйлөнгөнбүз. Анын мурдагы сүйлөшкөн кызына ата-энеси каршы чыгып, үйлөндүрбөй коюшуптур. Мени болсо кайын энем өзү жактырып алып бериптир. Кайын энем менен апам чогуу иштешет. Жолдошум жаңы үйлөнгөн кезде кээде ичип алган учурда сүйгөнүн айтып ыйлап, апасына көп таарынып жүрдү.

Кайын энем удаа төрө, балага алаксыйт деп жатып 3 уулду удаа төрөгөм. Азыр жакшы, балдарга байыр алып калган. Эми кыздуу болгондо эле баягысы кармап, ошол аялдын атын коем деп жатат. Элдин пикирин уккум келет, кимдин башынан ушундай окуя өттү эле? Атын уккан сайын жиним келет, кантип кызыма ошол атты койдурам?

(Окурмандын каты)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter