Түркиядан 1 000 даана кычкылтек концентратору алынып келинди
- 06.07.2020, 10:18,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ 5-июлдун түнүндө Тышкы иштер министрлиги Бишкекке Түркиядан 1 000 даана кычкылтек концентратору алып келингенин билдирди.
Аппараттарды Түркиянын КРдеги элчилиги, Кыргызстанда иштеген түрк бизнесмендеринин ассоциациясы жана Түркиядан билим алган кыргызстандыктар, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес коомчулугу алып бергендиги айтылды.
“Жабдуулардын белгилүү бир бөлүгү Түркия тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилет. Калганын аппаратка муктаж болуп жаткан үй-бүлөлөргө жеткирип беришет”, — деп айтылат малыматта.