У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: "Ар бир аймак жагдайдын оорлошуп кетүүсүнө даяр болушу керек"


Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында байкалган жагдайдын терс өнүгүшүнө ар бир аймак даяр болушу керектигин эскертти.

"Ар бир облустун жетекчилерине кайрылам. Азыр негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек. Кызматкерлер жетишпеген шартта жардам көрсөтүүгө даяр дарыгерлердин тизмесин даярдагыла. Азыр эле медиктер жетишпей жатат. Кошумча тартылган ак халатчандар аткарган ишине жараша тиешелүү айлык акысын алышат", — деди Боронов.

Ошондой эле Россияда иштеп жаткан кыргыз дарыгерлери жардамга даяр экендигин жана жакынкы күндөрү алар учак менен Бишкекке алынып келерин айтты.

"Россия Федерациясында иштеп жаткан кыргыз дарыгерлери жардам берерин билдиришти. Жакынкы күндөрү алар учак менен жеткирилет. Тобокелдикке карабастан, ак халатчандарыбыз ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат. Бейтаптардын жана оор шарттарда иштеген медицина кызматкерлеринин тамак-ашына жооптуу жактарга тамактандыруу, медициналык мекемелерде шарттарды түзүү боюнча бардык маселелерди чечүү тапшырылды", — деди премьер министр.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter