У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаңы төрөгөн аял обсервацияда жаткан оорукананын терезесинен секирип каза болду


Кечээ, 1-июлда Ош шаардык ооруканасында (эски имаратында) 2020-жылдын 29-июнунан бери коронавирус оорусу менен каттуу сыркоолоп, дарыланып жаткан 1986-жылы туулган келин, аталган оорукананын 3-кабатынан боюн таштап жиберген. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган аял жаңы эле, тагыраагы 25-июнда көз жарган жана ооруп жаткандыгына байланыштуу баласын апасы багып жаткан. Келин оор жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Учурда укук коргоо кызматкерлери саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте бул кайгылуу окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Маркум 1986-жылы туулган Ош шаарынын тургуну. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter