У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тагдыр: "Элдин кыркка чыккан балдары кыз алып жатса, менин үйлөнө элек балам өзүнөн улуу жубан алып алды"


Турмуш деген ар кандай экен. Бирөөгө сынтагып деле болбойт, тагдыр бизге кандай жаңы жолду камдап турганын билбейт экенбиз. Элдин ажырашып кеткен, бала-чакасы бар, кыркка жакындап калган балдары мөлтүрөгөн кыз алып, жашоосун жапжаңы барактан баштап жатса менин үйлөнө элек балам ажырашкан, өзүнөн 5 жаш улуу, баласы бар келинди алып алды. Каршы чыкканыбызга караган жок. Мен эне катары чийки май жегендей абалда кала бердим.

Келин тың, балам экөө тигүү цехинде бирге иштешет. Турмуш көрүп калган неме айдатпай эле өзү билип, бардыгын көзөмөлдөп, бизге жакшы мамиле кылгансыйт, бирок менин ичим чыкпай келет. Анын үстүнө мурдагы жолдошунан бир баласы бар. Аны менин уулума каттатыптыр. Азыр боюнда бар. Аман-эсен көз жарып алсын. Кеп келинде эмес, кеп менин баламда. Өзүнөн улуу аялды эмне кылат? Баласынан бетер каякка жумшаса ошол жакта жүгүрүп жүрөт. Мен баламды ушинтип жаштайынан бирөөнүн кол баласы болсун деп төрөптүрмүнбү? Турмуш бузулган курусун, эми келиним баламды кор кылбай жашап кесе эле болду. 

Баламды карап алып боорум ооруйт. Тиги келиндин баласын мектепке алып барат, алып келет, күнү-түнү иштеп ошолорду багат. Келин төрөсө ого бетер түйшүк басып куурайбы деп жаным жок. Ушундай түйшүктүн балама эмне кереги бар эле? Элчилеп жашоосун жаңы барактан эле баштаса болмок да. Экөөнүн же үйү жок, шаарда батирде жашашат. Айылга келгиле десем балам келгиси жок. Ушинтип жашым өтүп калганда баланын санаасын тартып азаптанып жүрөм.

(Окурман каты)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter