Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кыргызстандык дыйкандарга 134 тонна жер семирткич, 24,5 тонна дизель майын алып берди. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Аталган жардамды Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда жашаган жардамга муктаж дыйкандар алышканы маалым болду.
Бул иш-чара Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жиберген сурамдын негизинде жүзөгө ашырылганы айтылат.