Казакстанда тез жардамга көмөк көрсөткөн Corona-такси кызматы ачылат
- 01.07.2020, 09:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Corona-такси кызматын ачууну пландоодо. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттинин маалыматына таянып, Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өлкөдө жетишпей жаткан тез жардам автоунааларынын жана атайын машиналардын ишин жеңилдетүү үчүн ушундай чечим кабыл алынмакчы. Учурда бул идеяны ведомстволор аралык комиссия карап жатат.
Эгер колдоо тапса бул кызматка таксопарктар жана медициналык эмес уюмдардын автоунаалары тартылат. Алар бейтаптардан кабар алууга барган мобилдик бригаданы ташыйт.