Атам менен апам мен үйлөнгөндөн бери катышпайт, тоюма да келишкен эмес. Буга себеп менин орус кызына үйлөнгөнүм. Атам карамандай эле сүйлөшүүдөн баш тарткан. Апам болсо анда-санда чалып сурап турат. Мен айылга барганда атам байкемдикине кетип калып келбей койгон. Ушинтип эзилип жашап келе жатканыма 7 жыл толду.
Жубайым жакшы адам, ата-энеси да жакшы кишилер. Шаарда өз үйү бар. Мен да жакшы жерде иштейм, жубайым да жакшы кызматта. Биргелешип жашап келе жатабыз. Бир кызыбыз бар. Кайын энем менен кайын атам өздөрүнчө турушат. Атам болсо "сен жаныңды бага албай орус кыздын үйүнө кирип алдың, элдин балдарындай болуп үй салып, кыргыз кызына үйлөнүп, куда-сөөк менен катышмакмын" деп ачууланат.
Анын үстүнө атам көп жылдан бери намаз окуган такыба киши. Келинчегиң ислам динине өтсүн деген талап койгон, бирок жубайым аны колдогон жок. Бирок жашообуз жакшы, эч нерседен кем эмеспиз. Жакшынакай жашап жатканыбызга кубанбай ата-энем кыргыз кызды эле алсаң болмок дей берип кыйнап бүтүштү. Жашоомду бузгум келбейт. Жубайымды кыя албайм...
Кыргыз кыздар менен деле көп эле сүйлөшүп көргөм, бирок жубайымчалык түшүнгөн адам болгон жок. Мен кыйналган кезде жардам берген, шаарда батирлеп жүргөн кезде кол сунган ушул жубайым болгон. Келинчегим ата-энемдин кабыл албаганына кайгырбайт деле, бардыгын түшүнүү менен кабыл алат. Эки адам бири-бирин түшунүп жашаса болду да, кыргыз менен кыргыз үйлөнүп, орус менен орус үйлөнүп деле тил табыша албай ажырашып кеткендер канча. Ажырашуудан ортодо балдар жабыр тартат. Мен кызымды аябай жакшы көрөм, атасыз өскөнүн каалабайм...
(Окурмандын каты)
Сайтыбызга купуя кат жөнөткүңүз келсе, фейсбуктагы расмий баракчабызга кайрылсаңыздар болот....