Эми коронавирусту ылдам аныктай турчу жол табылды
- 26.06.2020, 11:53,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Бүгүндөн баштап Кыргызстанда коронавирусту аныктоонун дагы бир ыкмасы пайдаланыла баштады. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
“Джин-Эксперт” деп аталган ыкма менен иштечү атайын аппараттар аркылуу мурда кургак учукту аныктачубуз. Эми муну коронаврусту таап чыгуу үчүн колдонгону жатабыз. Жакынкы күндөрү эле ПРООНдун жардамы менен аппаратка 6 550 картридж алдык. Бул дал ушунча кишинин анализин чыгарса болот дегенди түшүндүрөт”, — деди Каратаев.
Маалыматка караганда, жабдуулар Улуттук фтизиатрия борборунда иштеп, саат сайын сегиз кишиден анализ алат. Жыйынтыгы бир сааттын ичинде даяр болот.