Бишкектеги базарлар кайсы күндөрү иштебейт экени айтылды
- 23.06.2020, 09:35,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Ош жана Орто-Сай базарлары ар дүйшөмбү күнү дезинфекциялоо үчүн жабылат. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдирди. “Орто-Сай жана Ош базарынын администрациясы бул күндө дезинфекциялоо иштерин өткөрүшөт. Ал эми ар бир күндүн соңунда санитардык нормалар аткарылып турат”, - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин коронавирус илдетин жугузуп алгандардын көбү жергиликтүү базарларда болгонун айтышкан. Андан улам борбордун соода базарлары дезинфекциялоо үчүн жабылган.