Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук транспорттор токтотулат
- 20.06.2020, 14:56,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Бишкекте эпидемиологиялык абал күчөп бара жатканына байланыштуу дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу пландалып жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
“
Учурда өкмөт бул маселени карап жатат. Анткени Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда абал курчуп бара жатат. Мисалы, акыркы суткада 192 адам жуктурса, анын 71и кайдан жуктурганын билбейт. Сурасаң, коомдук транспортко түшүп ар кайсы жактарга барганын айтат”, — деди Боронов.
Бирок таски кызматы жана менчик автоунаалар каттай берерин кошумчалады.