У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ырчы Гүланда Айбек Карымовдун камалгандыгын төгүндөдү


Кечээ ырчы Айбек Карымов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганын айрым маалымат булактары жазып чыккан.
Маалыматта Айбек Карымов Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 4 жетекчиси менен кармалганы жазылган. Карымов коммерциялык фирманын жооптуу кызматкери катары мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге шектелип кармалганы айтылган.

Бул маалымат чыккандан көп өтпөй анын жубайы, ырчы Гүланда маалыматты төгүндөп, достору менен отурушканын айтып, видео жарыялады. Видеодо интернетке тараган маалымат жалган экенин айтып, бардыгы жайында экенин маалымдаган.

Айбек Карымов: "Эки күн жайлоого кетип калсам, элдин баары мен жөнүндө интернетке маалыматтарды жайнатып жибериптир. Менин тагдырымды ойлогон досторума, күйөрмандарыма ыраазычылык айтам", - деди.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter