У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Инстаграмда ырчылар тойлор башталганын кубануу менен жар салууда


Кыйчалыш кырдаалдан улам карантин жарыяланып, бул сыноодон араң өткөн эл акырындан жай турмушка кайтып калган убагы. Бирок кадимки турмушка кайткан менен санитардык талаптарды аткаруу зарылчылыгын дарыгерлер да, республикалык штабдан да эскертип жатышат. Карантин алынгандан бери өлкө боюнча, өзгөчө Бишкек шаарында коронавирсту жуктургандардын саны кескин жогорулады. Ошого карабай той-аштар тынымсыз өтө баштады.

Талап боюнча 50дөн ашык киши топтолгон иш-чаралар өтпөшү керек эле, ага карабай талапты бузгандар арбын болуп, ресторандардын алды кайрадан жабылганга жетишти. Ал эми эл арасындагы кайрадан өтө баштаган той-топурларды ырчы-чоорчулар мурдагысындай эле жайма-жай инстаграмдагы баракчаларына "баланча тойдо ырдадым", "түкүнчө жакшылыкка кызмат кылдым" деп жайгаштырып башташты. Мындан улам интернет колдонуучулары той-топурлар өтүп эле жатканына, аларга болгон көзөмөлдүн жоктугуна нааразычылыгын билдиришүүдө. Ал эми негизги киреше булагы тойлордун эсебинен болгон ырчы-чоорчулар эл арасындагы жашыруун өтүп жаткан тойлордон өйдө жарыялап, элдин ичин ого бетер козутуп жаткан убагы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter