Ош шаарында башы жок адамдардын сөөктөрү табылды
- 17.06.2020, 16:01,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаарында турак- жай салуу үчүн жер казып жаткан адам бир нече кишинин башкы жок сөөктөрүн таап алганы айтылды. Бул маалыматы шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
"Жамбыл көчөсүндө жергиликтүү тургун үй салуу үчүн котлован казуу иштерин жүргүзүп жаткан. Казуу учурунда ал жер алдынан адамдын сөөгүн таап алган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", — деди Сыдыков.
Маалыматка ылайык, окуя 14-июнь күнү шаардагы Южный кичи районунун Жамбыл көчөсүндө болгон. Котловандан болжол менен алты кишинин сөөгү табылган. Баарынын баштары жок болгон жана сөөктөрдүн арасында маркумдардын кийимдери, бут кийимдеринин калдыгы да кошо чыккан. Дагы бир баштыкта адамдын колунун манжаларынын сөөктөрү да болгон.