У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Келин кыздай болбойт экен...


Ушул күнгө чейин кайын энеге болгон таарынычын айтып бүтө албаган келиндерди көп көрдүм. Арасында менин да келиндерим бардыр. Кандай кайын эне болуп жатканымды бир кудай анан бир келиндерим бааласын.

Бирок менин да ичимден тап болгон сезимдерим бар. 3 уулум бар, 3 келинге кайын энемин. Канчалык камыр-жумур болуп аралашпайлы баары бир келиндерим келиндигин кылып койгон күндөрүн көп эле көрүп жүрөм. Кыздары бар энелерге суктанам. Апасын үлпүлдөтүп кийинтип, тарантып, керек болсо Меккеге алып барып жатышат.

Уулдарым деле кудайга шүгүр өз оокаттарын кылып жатышат. Бирок келиндерим өз апаларына кылган мамилени мага кылышпайт. Кичүү келиним мага кыз болот дедим эле ал деле келиндигин көрсөтүп, бир күнү жакшы мамиле кылса, экинчи күнү мүнөзү өзгөрүп турат. Бир курдай ооруп жатып калдым. Келиним баласын карап өз бөлмөсүнөн чыккан жок. Уулум иште эле. Ооруп жатам десем чай куюп келип башыма койду да баласына чуркап кетти. 

Кызым болсо башымдан сылап кабак-кашымдан тегеренип жанымда отурат болсо керек деп кыялданып койдум. Ошол себептен уулум жок деп кейиген энелерге айтаарым ушул, кыздарыңардай аздектеген адам болбойт. Уул атанын тукумун улаар асыл адам, ошентсе да аял затына кыз да, уул да керек экен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter