У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында маалым болду.

“Кырдаалды саясатташтырып, абалды курчутууга жол бербей, өлкө үчүн натыйжа берчү чечим кабыл алуу керек. Максатыбыз — өкмөттүн ишин аксатпай, өтө керектүү гана кызматтык алмашууларды дайындоо. Азыркы келген премьер-министр жаңы парламент түзүлгөнгө чейин гана иштээри белгилүү. Мындай убактылуу кызматка амбициялуу саясий фигуралар макул болуп тобокелчиликке бара бербейт деп ойлойм. Мына ушуларды эске алып, биз, көпчүлүк коалициянын фракция жетекчилери, Кубатбек Айылчиевичтин талапкерлигин көрсөтүүнү чечтик”, — деди коалиция лидери Өмүркулов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter