У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 81ге жетти


Боордош казак тууган туугандарда абал оор. Коронавирустан каза болгондордун саны 81ге жетти. Кечээ, 15-июнда дагы 4 бейтап коронавирустан каза болгондугу тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, дартка жеңилген  эки адам Алматы шаарында болгон, анын бири 56 жаштагы эркек киши болсо, экинчиси 49 жаштагы аял.

Мындан тышкары Актөбө облусунда 65 жаштагы эркек киши, Павлодар облусунда 65 жаштагы аял оорудан көз жумган. Муну менен Казакстанда коронавирус өмүрүн алгандардын саны 81ге жетти. Жалпысынан ооруну жугузгандар бул өлкөдө 15 миңге жакындады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter