У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Б.Түлөбаев: «Укпасаңар ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө, дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз»

 
Бул тууралуу Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Акыркы эки күндө 98 адам ооруду. Айтсак жаман көрөсүңөр. Ишенбейсиңер. Көңүл кош карайсыңар. Урушсаңар да, чапсаңар, тепсеңер да эми таарынбагыла. 
Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы каттуу эскертүү, санитардык нормаларды сактабасаңар жазасын аласыңар. Маска кийип аралыкты сактагыла. Колуңарды жууп тургула.
Укпасаңар ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө. Дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз»,-деди Түлөбаев. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter