У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уул төрөбөйсүң деп жолдошум кетип калган...Мындай коомдо кыздарымдын келечеги кандай болот?


Уул төрөбөйт экенсиң деген сөздү ушунча жек көрөм. Ар бир жолу боюма болгон сайын кудайдан уул тиледим, бирок чырактай төрт кызуу болдум. Ар бир жолу кыз экенин укканда шаабайым сууп, үйгө араң келээр элем. Турмушка чыккан күндөн тарта уул төрөп бер деп суранган жолдошумдун тилегин орундата алган жокмун. Акыры жолдошум экөөбүз уруша берип, мени, кыздарын таштап кетип калды.

Биздин үйүбүз жок, батирде турабыз. Атам дуйнөдөн өтүп кеткен, бир тууганым жок. Апам экөөбүз турабыз. Апам кыздарымды багат, мен иштейм. 4 кызым менен турмуш куруу өтө оор экен, эч ким милдетти мойнуна алгысы келбейт. Өз атасына кереги жок кыздарыма башка ата күймөк беле? Анын үстүнө азыркы заманды көрүп отуруп өгөй атадан ушунча коркосуң. Жолдошум болсо турмуш куруп кетти. Болгондо да кызы менен ажырашкан, өзүнөн итапкан улуу келиндин үстүнө кирип алды дешти. Демек дагы бир аялдын шоруна жазылыптыр...

Кеп менин тагдырымда эмес, кеп биздин коомдун өтө коркунучтуу абалга кептелип турганында. Мен чын эле корком, эч кимге ишенбейм. Бийликке да, оппозициясына да, жыргатам дегенине да, кошунама да, ишимдеги кесиптешиме да, айтор эч кимге ишенбейм. 13 жаштагы кызды эл толгон жайда чаламандын чак түшүндө зордоп жатса, аялын бензин чачып өрттөп жатышса, өгөй аталар кыздарына кол салып жатса, эми минтип 25 жыл бирге жашаган күйөөсү аялын бүт элге шерменде кылып кордоп, эмне деген гана азапты көрсөтүп жатса мен бул коомдо кантип, кимге ишенем? Мен бул жырткыч коомдон, жырткыч адамдардан, коколой башын бага албаган арсыз аталардан, кооз сүйлөгөн жалганчылардан корком...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter