У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр: "Жаңы окуу жылында мектеп, бала бакчаларда кыргыз тилине басым жасалат"


Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы окуу жылында мектеп, бала бакчаларда кыргыз тилине басым жасалаарын  парламентте билдирди.

Депутат Данияр Аттокуров жаш муун эне тилин унутуп бара жатканын, бул шаарда эле эмес, айылдарда орун алганын айтып, бул жаатта кандай иштер жүргүзүлүүдө деп сурады.

"Биз азыр абалды толук анализдеп бүттүк. Өзгөчө бала бакчаларында, мектептерде башка тилде окутууга өтө басым жасалып, мамлекеттик тилге кайдыгер мамиле кылгандар болуптур. Учурда бардык шаардык, райондук билим берүү мекемелери менен чогуу мамлекеттик деңгээлдин сапатын көтөрүү боюнча иштеп жатабыз. Заманбап билим жана улуттук тарбияга өзгөчө басым жасайлы деп жаңы окуу жылына даярдануудабыз", — деди министр.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter