У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалгыз бой келин атаң акча салбайт деп ымыркайды сабап, видеого тартып, атасына жиберген



Акыркы мезгилде балдардын баарын аялдарына таштап салып ээн-жайкын басып жүргөн мырзалар абдан көбөйдү. Балдарды жалгыз бага албаган энелер стресс алып, ачуусун балдарынан чыгарышууда. Буга Жалал-Абад облусундагы  бир жашка толо элек кызын уруп, видеого тартып Орусиядагы атасына жөнөткөн 29 жаштагы келиндин окуясы мисал болууда.  Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Х.Н. ажырашып кеткен күйөөсү О.А. менен телефон аркылуу урушуп кетишкен. Ошол учурда келин 1 жашка чыга элек кызы ыйлап тынчын ала бергендиктен, ачууланып, "сенин атаң сага акча салбайт, мен сен үчүн тилемчи болуп бүттүм" деп тилдеп, чаап, муунтуп, Орусиядагы жолдошуна социалдык тармагы аркылуу видеого тартып жиберген.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кыйноо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Учурда наристеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми келиндин башка дагы балдары бар болгондуктан, ал камакка алынган эмес. Ал тергөөгө келип кете турганы айтылган. Ошондой эле анын баш коргоо чарасы да карала элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter