Апамдын бейтине бардым. Кимге ичимдеги букту айтаарымды билбей, апама барып эркек башым менен ыйладым. Байкуш апам дарыгер эле. Өмүр бою эл үчүн эмгек кылды. Бизди үйлөндүрүп, эми небере жытын жыттайм деп турган чакта жүрөгү ооруп кайтыш болуп калды. Апам өтө тың адам болчу. Айылдан Бишкекке көчүп келип жаңы эле үй салганбыз. Апам короону гүлгө толтурам, куда-сөөктөрдү тойго чакырам деп сүйүнүп жүргөн кезде чын дүйнөгө кетип калды.
Миң ыйласаң да чын дүйнөгө кеткен адамды кайрый албайт экенсиң. Апамдын бизди таштап кеткенине 2 жыл болуп калды. Апам дүйнөдөн 58 жашында өтүп кетти. Атам 60 жашта. Атам апам өткөндөн бери абдан чүнчүп, эч кимибиз менен сүйлөшпөй жүрдү. Жакында короодо экөөбүз сүйлөшүп отурсак үйлөнөйүн деген ою бар экенин айтты. Мен атамдан мындай нерсени күткөн эмесмин.
Келини кирин жууп, тамагын даярдап, атакелеп турса, биз турсак, небереси турса атам аялды эмне кылат? Түшүнөм, жалгыздык жаман, бирок атам апам кубанып, той өткөрөм деп жетише албай калган, жаңы эле салынган, бир аз эле жашап анан каза болуп калган үйгө кантип каяктагы бир аялды ээрчитип келет? Кинолордо, чыгармаларда мындай окуялар көп жазылат, тартылат. Бирок турмушта баары башкача. Биз ал аялды кабыл ала албайбыз. Атама кантип түшүндүрөм?