У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жорж Флойдду колдогон акцияга бир адам чыкты



АКШда афроамерикалык жаран, полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойдду колдогон акцияга бир адам катышты. Ал Бишкектин Горький паркына акцияга чыккан. 

Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, 10-июнда өзүн Денис Реут деп тааныштырган адам колуна “Бийликтин зомбулугунун чеги жок” деген жазууну кармап, парктагы аянтчага чыкты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал өзү да Бишкекте күч органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан учур болгонун, милиция мыйзам чегинен чыкпай иштөөсү керектигин айтты.

Ошол эле жерде ага каршы пикирин билдирген эки адам чыкты. Алар өз акциясын “АКШда ынды караны өлтүрүп кетишсе Бишкекте митинг, Кыргызстанда 13 жаштагы кызды зордуктап кетишсе ноль митинг” деген жазуу менен өткөрүштү.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter