Бир сутка ичинде коронавирустан 89 киши сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Алардын ичинен 15и Бишкек шаарында, 59у Чүй облусунда, 13ү Нарын облусунда, бири Ош шаарында, дагы бирөө Ош облусунда жашайт”, — деди Үсөнбаев.
Республика боюнча жалпы 1572 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.