У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Самара Каримова: "Биз үй-бүлөбүздүн атынан 6 тонна ун, 1 тонна май, 500 кг макарон таркаттык"


КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова селден жабыркаган элге жардам берди. Ал кайрымдуулугу тууралуу өзүнүн баракчалары аркылуу жазып чыкты.

"Ыйык Рамазан айында 1 садакан да 1000 садакага тете дейт. Аллахым апааттардан сактасын. Элибиз жерибиз тынч болсун! 1 күн кечке 100 дөн ашык үй-бүлөгө жолдошум менен барып, жеринде көрүп таркаттык. Чындыгында муктаждар абдан көп, көрүп жүрөк ооруйт. Айдаган унаасын, эгиндерин, малдарын, кээ бирлердин үйлөрүн, кээ бирлердин жеп отурган буудай, унун сел агызып жууп кетиптир. Сабырдуу элим ушундай кыйынчылыкта да жүзүндө  жылмаюу бар. Бул кыйынчылыктар убактылуу, айдын 15и караңгы, 15и жарык. Биз үй-бүлөбүздүн атынан 6 тонна ун, 1 тонна май, 500 кг макарон таркаттык.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter