Кичирээк кезимде ата-эне деген эмне экенин билбей, адамдардын баары эле бизге окшош жашайт деп ойлоптурмун. Бала чагым интернаттын тартиби, баары бирдей кийинүү, бирдей билим алуу, бирдей жашоо менен өттү. Бирок кинолордо, мультфильмдерде балдардын көбү ата-энеси менен жашашаар эле.
Бара-бара акыл кирип, биз таштанды экенибизди сезе баштадым. Бир күнү табиячы эжеден биз кимдер экенибизди сурадым. Эже аябай ыйлап, бооруна бекем кысып бетимден өөп эле тим болду. Ошондо чын эле эч кимге кереги жоктун баары чогуу жашайт туртайбызбы деп ойлой баштадым. Жылдар өттү, бойго жеттик.
Бул аралыкта мени жарыкка алып келген адамдардын элесине зар болуп жүрүп күндөр айга, айлар жылга алмашты. Ошентип быйыл жылуу уямдан учканы турам. Эжелер "эрезеге жеттиңер, эми чоң адам болуп өз алдыңарча жашайсыңар" деп жатып, кичинебизден эле кулагыбызды бышырып коюшкан.
Азыр мен оор абалдамын. Бул жактан чыгарышса каякка барам? Бул кыжылдаган эл батпаган шаарда бир да жакын адамым жок...Эч кимим жок...Акыркы күндөрү катуу оорудум. Башымды көтөрө албай ооруп калдым. Чоң турмушка аттанаар алдындагы туйшөлүүдөн, коркуудан ооруп калдым окшойт. Ооруп жатып апамды бир да жолу көрбөсөм да сагынганымды сездим.
Апам мени аргасыздан таштаса керек. Апама тирек болом деген атам ишеничин актабай, апам балким намыстан улам мени таштап кеткендир...Балким атам каза болуп калгандыр, балким тирүүдүр. Азыр балдарын эркелетип жаткандыр..Мен аларды канчалык актагым келсе да ичимдеги аларга болгон таарыныч күчтүүрөөк болуп кетет...Ата-апа, мен силерди сагындым...Бул жактан чыксам каякка бараарымды билбейм апа...