У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата жумалык жарыяланды.


Кыргызстандын маданият министри кызматын 22 жыл аркалаган мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

"Туулган күнүн утурлай министрлик жумалык жарыялады. Иш-чара өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам онлайн-форматта өтөт. Анын алкагында Күлүйпа Кондучалованын басып өткөн жолу, жасаган иштери тууралуу атайын түз эфирлер, онлайн-көргөзмөлөр, маданий иш-чаралар уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетели, Күлүйпа Кондучалованын туулганына 15-июнда 100 жыл толот. Министрлик Кондучалованын мааракеси мамлекеттик деңгээлде өткөрүлчү иш-чаралардын тизмесине киргенин айтып, бирок өлкөдөгү кырдаалдан улам чоң салтанат күзгө жылдырылып жатканын кошумчалады.

Ал улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошуп, ошол маалда Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Болот Миңжылкыев, Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев сыяктуу залкарлардын жылдызы жанган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter