Депутат: «Жайында вирусту жеӊбесек, күзүндө жана кышында үйдө отурууга аргасыз болобуз»
- 05.06.2020, 16:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирус коркунучун алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын Жогорку Кеӊештин депутатты Адыл Жунус уулу 5-июндагы жыйында айтты.
«Катуу тартип болбосо коронавирусту жеңе албайбыз. Ооба, COVID-19 вирусуна каршы күрөшкөн штаб күнү-түнү жакшы иштеп жатат. Бирок бизде тартип бекем сакталбай жатпайбы. Биздей кичинекей мамлекетте вирус жуктургандардын саны 2ге жетип калды. Орто Азияда коронавирус илдетин жуктургандардын саны боюнча Тажикстандан кийинки эле орунда турабыз. Эгер вирусту жайында жеңе албасак күзүндө жана кышында үйдө отурууга аргасыз болобуз», — дейт Жунус уулу.
Депутат февралдын башында Кытайга барып, алар вирусту темирдей тартип менен гана жеӊе алганын айтып, «Бизде коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдүн теӊ жарымы бет капсыз жүрүшөт, дүкөндөргө бет капсыз киришет. Базарда да элдер бет кап тагынбайт, алардан эмне себептен бет кап тагынбай жүргөндөрүн сурасам, күлүп коюшту», — дейт ал.