Өткөн суткада коронавирустан 2 аял көз жумду
- 05.06.2020, 10:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган эки киши каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Биринчиси Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну. Анын кан басымы жогору жана кант диабети болгон.
Экинчи учуру Ош шаарында, 34 жаштагы келин реанимацияда жатып көз жумду.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны Кыргызстан боюнча 22 кишиге жетти.