У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кийинки жумада мечиттер ачыла турган болду


Карантинден кийин бир топ тармактардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилип, Бишкек баштагы турмушка кайта баштагандан тарта мечиттерди ачуу керектигин социалдык тармактардын колдонуучулары жазып жатышкан. 

Кийинки жумада диний мекемелерге барууга коюлган чектөөлөр алып салынат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
8-июндан баштап Кыргыз Республикасында диний мекемелерге - мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат.

Мындай чечимди республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды. Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми: бет кап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter