1-чейректин окуу программасы боюнча видео сабактар жай айларында даярдалат
- 03.06.2020, 17:54,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда мыкты мугалимдерден, методисттерден турган команда түзүлүп, июнь, июль, август айларында 1-чейректин окуу программасы боюнча телесабактарды даярдоого даярдыктар көрүлүп жатат. Мүмкүн болсо, телесабактар 2-чейрекке да тартылып, даярдалат.
Эске салсак, адистер күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин билдиришкен.
Булак: Акипресс