У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте эч ким беткап кийбейт, аралык сактоо жок. Санитардык талаптар бузулса кайда кайрылуу керек?


Бишкек шаарында кырдаал курч болгонуна карабай мейли көчөдө, мейли паркта, мейли соода борборлорунда болбосун беткап кийбей эле ээн-эркин жүргөн, аралык сактабаган, керек болсо вируска ишенбеген жарандарды көп кездештирүүгө болот. Мныдай көрүнүштөрдү азайтуу максатында Бишкек мэриясы санитардык нормалар бузулуп жатканына күбө болгондорду муниципалитетке кабарлоосун айтып, телефон номерлерин кайрадан эске салды.

Эгер сиз санитардык нормалардын бузулуп жатышын көрсөңүз, төмөндөгү номерлерге кабарлаңыз:
  • Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы (СЭИ) — (312) 65-81-59, (0705) 56-47-56;
  • Биринчи Май району — (0555) 40-48-18;
  • Свердлов району — (0551) 55-17-45;
  • Октябрь району — (0500) 21-04-70;
  • Ленин району — (0500) 08-55-80.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter