У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаш режиссерлордун эмгектерин "Карек" кинофестивалы кабыл ала баштайт


Республикада "Карек" аттуу 5-чи Республикалык балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы тасмаларды кабыл алууну баштады. Бул тууралуу "Карек" балдар кинофондунун жетекчиси Толкун Дайырбекова билдирди.

Анын айтымында катышууну каалагандар каалаган жанрда, камерага же телефонго 10 мүнөткө чейинки кыскаметраждуу кино тартуусу керек. Ошондой эле кинофестивалга 10-17 жаштагы окуучулар катыша алат. 

"Республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы – КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кинематография департаментинин, КР Кинематографисттер союзунун, “Айтыш” КФ колдоосу менен өткөрүлөт.
Темалар: "Мен жана коом", “Мен жана менин үй-бүлөм”, “Бул менин дүйнөм”.
Катышуу акысыз, тасмалар 2020-жылдын 5- октябрына чейин www.karek.kg сайты аркылуу кабыл алынат.
Кинофестивалдын жюриси – КРнын белгилүү киноишмерлери.
Мыкты көркөм тасма, Мыкты анимациялык тасма, 
Мыкты документалдык тасма, мыкты режиссер, мыкты оператор, мыкты сценарист, мыкты монтажер, мыкты жаш актер, Мыкты жаш актриса, Калыстардын атайын сыйлыгы номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, статуэтка, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат
" дейт маалыматта. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter