Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталды
- 30.05.2020, 08:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалпы республикалык тестирлөөгө катталган бүтүрүүчүлөрдүн саны 41 727ни түздү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 15-майга чейин ЖРТга катталууга үлгүрбөй калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет.
"Жетишпей калгандар 20-июнда же 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тест борборуна кайрылышы керек. ЖРТ 21-25-июнь күндөрү өтөт. Жыйынтыктарды жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт" дейт маалыматта.
Эскерте кетели, өткөн жылы ЖРТга катталагандардын саны 41 280ди түзгөн.